Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Ой айыл аймагынын Көк-Ой айылындагы «Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борбору»   оңдоп түзөө иштери  өз убагында аткарылууда. 

Имараттын оңдоп түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүрүүдө. Объект 160 орудуу жана 5 блоктон турат. 

Азыркы мезгилде демонтаж иштери аяктап (кыш тосмолору, эски эшиктер, терезелер), жылытуу системасы, электртутамдары орнотулууда. Чатырдын эски шиферлери чечилип жыгач конструкциясынын жараксыз элементтери алмаштырылууда. 

Мындан тышкары 200м3 септиктин котлованы казылды.