Кара-Буура районундагы жеке ишкер Мирлан Назарбеков 24-июль күнү Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна эки тез жардам унаасын тапшырды. 

Тез жардам унааларын Мирлан Назарбековдун апасы Умсун Назарбекова тапшырды.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Канатбек Акматбековдун айтымында, буга чейин аларда бир гана тез жардам унаасы болгон.

«Бүгүн Кара-Буура районунда, анын ичинде Кызыл-Адыр айылында жакшы саамалык болуп жатат. Бул тез жардам унаалары буюрса элибизге үзүрлүү кызмат кылат. Мирлан мырзага бардык медицина кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, жеке ишкер районго 2015-жылдан бери жардам берип, бир топ алгылыктуу иштерди жасаган.

«Тез жардам унааларынын бирөө Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, бирөө Аманбаевдеги ооруканага тапшырылды. Буга чейин Мирлан Назарбеков Кара-Буура районунун Үч-Булак айылына 25 миң долларга трансформатор орнотуп берген. Пандемия башталгандан бери 1 млн сом каражат бөлүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү ун, май менен камсыздады. Райондогу бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кычкылтек концентраторлорун алып берди. Жакында эле Кара-Буура райондук ооруканасынын оңдоо иштерине 200 миң сом каражат тапшырды. Мирлан Назарбеков райондогу бардык саамалыктарда өзүнүн салымын кошуп келе жатат. Районубузга учурдагы кырдаалда жардам берип жаткан демөөрчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз», - деди аким.

Булак - Turmush.kg