Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын суроо-талаптарынын негизинде ата мекендик IT жана Саламаттык сактоо министрлигинин адистер тарабынан жаңы эки санариптик чечимдер иштелип чыккан.  Ачылган стационарлардын жана ооруканалардын интерактивдик онлайн картасы, ошондой эле борбордук мекемелерде койка-орундарды, медициналык жабдууларды жана кызматкерлерди эсепке алуу системасы. Системалары иштелип чыккан жана колдоого алынган – МТБМК алдындагы «Соцсервис» МИ.

Биринчи чечим – бул оорукана коронавирустук инфекция жана ооруканадан сырткары пневмония оорусунун белгилери бар адамдарга жардам көрсөтүү үчүн борбордук стационарлардын жана ооруканалардын жайгашуусунун санариптик картасы. Система https://map.covid.kg шилтемеси менен жеткиликтүү. Учурда интерактивдик картасында жарандар жакынкы стационарды, жабдууларды жана медициналык персоналдын болушун көрө алышат.

Экинчи чечим – пилоттук режимде медициналык маалыматтарга мониторинг жүргүзүү жана дарылоо мекемелеринин толтурулушун эсепке алуу системасы ишке киргизилди. Системаны толуктап иштеп чыгуудан жана актуалдуу маалыматтарды алуу тестирлөө иштерден кийин эркин койка-орундар, керектүү жабдуулар жана медициналык кызматкерлеринин жөнүндө маалыматты https://map.covid.kg сайтта жайгаштыруу пландаштырылууда.

Медициналык маалыматты эсепке алуу жана дарылоо мекемелерине бош керебет-орундарга мониторинг жүргүзүү системасы азыр Бишкек ш. медициналык тез жардам кызматына – 103, ишке киргизүү процессинде. Ал пилоттук режимде эркин койка-орундар жана бейтаптардын абалына жараша болгон техникалар жөнүндө маалыматтарды ыкчам алуу үчүн тез жардам бригадалар координациялоодо колдонулат. Ошондой эле жарандар койка-орундардын бар экендиги жөнүндө акыркы маалыматты алуу үчүн 118 колл борборуна кайрыла алышат.

Система менен иштөө жана ага тийиштүү актуалдуу маалыматтарды киргизүү, ошондой эле колл-борборлор менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн MegaCom компаниясы медициналык мекемелерге акысыз негизде смартфондорду берди. Смартфондор аркылуу жооптуу медициналык кызматкерлер керектүү маалыматтарды чогултушат жана системага киргизишет. Маалыматтарды чогултуу жана анализ үчүн жооптуу – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги. Стационарларда орун жок болгон учурда адистер пациенттерди жакынкы бош стационарларга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Система жаңыдан гана киргизилип жаткандыгын эске алуу менен маалыматтар айрым бир кечиктирүүлөр менен толтурулат.

IT чечимдер менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова таанышты. Презентацияда күндүзгү жана күнү-түнү иштеген стационарлардын мүмкүнчүлөгү жана жабдылышы жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу, медицина кызматкерлеринин жумуш менен камсыз болушун эсепке алуу мүмкүнчүлүктөрү анонстолду. Ошондой эле, онлайн система тарабынан чогултулган жана анализ алынган маалыматтардын негизинде оорулардын андан ары өнүгүүсүн болжолдоону жана зарыл иш-аракеттерди моделдөөнү жүзөнө ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Санариптик IT чечимдер шашылыш негизде иштелип чыккандыгына байланыштуу баштапкы баскычында кемчиликтер кетиши мүмкүн, бирок IT адистери тутумду жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Мүчүлүштүктөр кетсе түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. Санариптик чечим акысыз негизде иштелип чыккан.