Актуалдуу маалыматтар
2020-08-11

258

Ооруну жуктуруу учурлары

377

Айыкты

6

Каза тапкандар
Стационарлардын картасы
2020-08-11

93

Күнү-түнү

122

Күндүзгү

3

Түнкү
COVID-19 менен күрөшүнүн алкагында санариптик чечимдер
Башкы жаңылыктар
Ыктыярчылык ишмердүүлүк
Ыктыярчылардын жаңылыктары
Бардык жаңылыктар
Гуманитардык жардам боюнча отчеттор
Бардык жаңылыктар
Дүйнөлүк статистика
Дарыгерлердин сунуштары
Бардык сунуштар
Коронавирусту жуктуруп алуу жолдору
  • аба-тамчы аркылуу (жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөшкөндө)
  • аба-чаӊ аркылуу (абадагы чаӊ бөлүкчөлөрү менен)
  • тиричилик-байланыш аркылуу (кол алышуу, тиричилик буюм-тайымдары)
Өткөрүү факторлору:
1
аба (негизги);
2
тышында вирус калган азык-түлүктөр жана тиричилик буюмдары.
Башка респиратордук вирустар сыяктуу эле, коронавирус оорулуу адам жөтөлгөндө же чүчкүргөндө пайда болгон тамчылар аркылуу жайылат. Мындан сырткары, ал оорулуу адам кир кыртышты, мисалы, каалганын кармагычын кармаганда дагы жайылат. Адамдар кир колдору менен оозун, мурдун же көзүн кармаганда ооруга чалдыгат.
Коронавирустун симптомдору
Көпчүлүк учурларда бул симптомдор коронавируска эмес, кадимки сасык тумоого байланыштуу
Коронавирустун сейрек белгилери
  • баш оору
  • кан менен какыруу
  • ич өткөк
  • көңүл айнуу, кусуу
Симптомдор инфекцияланган оорулуу менен байланышта болгондон кийин 14 күндүн ичинде көрүнүшү мүмкүн. Симптомдор көбүнесе респиратордук оорулар менен окшош, кадимкидей суук тийүүнү туурап, сасык тумоого окшошу ыктымал.
Сизде дагы ушундай симптомдор барбы?
Сизде ушул сыяктуу симптомдор бар болсо, төмөнкүнү ойлонуӊуз:
Сиз акыркы эки жумада тобокелчилиги жогорку тилкелерге (коронавирус инфекциясынын көп учуру катталган өлкөлөргө) бардыӊыз беле?
Акыркы эки жумада тобокелчилиги жогорку тилкелерге (коронавирус инфекциясынын көп учуру катталган өлкөлөргө) баргандар менен байланышта болдуӊуз беле?
Эгерде бул суроого жообуӊуз “Ооба” болсо, симптомдорго мүмкүн болушунча дыкат болуш керек: диагнозду тастыктоо үчүн жана керектүү медициналык жардам алуу үчүн дарыгерге тезирээк кайрылыӊыз. Медмекемеге баруудан көрө, сиздин бейтапканаӊыздын сайтында көрсөтүлгөн телефон аркылуу же 118, 112 же 103 номерлери боюнча үйгө дарыгер чакырыӊыз. Өзүӊүздү-өзүӊүз дарылабаӊыз.
Коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча 7 кадам
Коомдук жайларга: соода борборлоруна, спорттук жана оюн-зоок иш-чараларына баруудан, час пикте коомдук унаага отурудан карманыӊыз.
Кир колуӊуз менен көзүӊүздү, бетиӊизди жана оозуӊузду кармабаӊыз.
Сасык тумоонун же суук тийүүнүн белгилери бар (жөтөлгөн, чүчкүргөн, мурдан суу аккан) адамдар менен бир бөлмөдө болуудан жана тыгыз байланышуудан качыӊыз.
Көчөдөн келгенден кийин, башка адамдар менен катнашта болгондон кийин колдоруӊузду самындап жана суу менен жакшылап жууӊуз.
Гаджеттерди, уюштуруу техникасын жана кармаган кыртыштарды дезинфекциялаӊыз.
Учурашууда жакын кучакташууларды жана кол алышууларды мүмкүн болушунча чектеӊиз.
Өздүк гигиенанын жеке каражаттары (бет аарчы, тиш щеткасы) менен гана колдонуӊуз..